"Биз жетим балдар үчүн алар ишсиз калбасын деп чоң комплекс курабыз",- деп билдирди кечээ, 16-декабрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жылды жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында журналисттердин "Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусунун учурунда эле айтылып келгендей №5-мектеп гимназиясынын базасында элита мектебин түзөбү?" деген суроосуна жооп узатып жатып билдирди. Президенттин айтымында, эгерде элита мектеби түзүлө турган болсо, ал жакка жогорку даражалуу чиновниктердин балдары барат. "Бул тууралуу азыр айтпайын дегем, бирок айтууга туура келет. Биз жетим балдар үчүн чоң комплекс курабыз. Алар жөнүндө биринчи кезекте ойлонушубуз керек",- деди өлкө башчысы.