Өлкөдө соңку аптада кассалык-контролдук аппараттарды (ККМ) милдеттүү түрдө орнотууга жана контейнерлерине электрондук эсеп-фактураларды колдонууга каршылыгын билдирген соодагерлердин акциялары 5 шаарда уланып, айрымдары иш таштап жатат.
Базардагы соодагерлердин митинги 29-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда башталган. Бул окуядан кийин Мамлекеттик салык кызматы стратегиялык объектилерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей аларын билдирген. Стратегиялык деп эсептелген базардагы ишкерлер 2024-жылдын 1-январынан баштап ККМ, ЭЭФ, ЭТТК колдонушпайт. Азыркы тапта стратегиялык объектилерге “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” базарлары кирет. Эртеси, 30-ноябрда жаңы салык саясатына каршы Бишкектеги “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акциясын өткөрүп, “Мадина” базарында иштегендер иш таштаган.
Соодагерлердин айтымында, Бишкектеги бардык базарлардын ичинен эң эле кымбат аренда төлөгөн дал ушул "Мадина" базары.
Өзүн Гүлжамал Аманова деп тааныштырган соодагер эгер ККМ ишке кирсе, бир топ кыйынчылыктар жараларын айтты.
"Мен салыктан тышкары базардагы ордума дагы аренда төлөйм. Бул мен үчүн кымбатка турат. Соода жүгүртүү ККМ менен боло турган болсо, товардын баары кымбаттайт"- дейт соодагер.
Ошондой эле ал өлкөдөгү жеңил өнөр жайга дагы таасирин тийгизет деп эсептейт.
“Материалдардын бардыгы кымбаттаса, тигүү цехтерине күч келет. Анан алар дагы даярдаган товарын кымбат сатып башташат. Ошон үчүн биз бардыгыбыз патент менен эле калабыз деп чыктык" – дейт ал.
Ал эми Аман Болотбековдун айтымында, патент системасы соодагерлер үчүн ыңгайлуу.
"Биз мурунтан бери эле патент колдонуп келгенбиз. Биз үчүн ыңгайлуу. ККМдин иштөө системасын базарда анализ кылып көрүшө элек да. Бийлик өкүлдөрү өнүккөн өлкөлөрдү мисал кылып жатышпайбы. Бирок биз Евросоюзда негизи патент менен иштейбиз" - деди.
Парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканын айтып сынга алды.
"Чоң базарларга салык кызматкерлерин жибериш керек. Алар жеринде соодагерлер менен иш алып, салык режими боюнча тушүндүрүү иштерин жүрүзүшү шарт. Анткени, алардын көпчүлүгү кандай салык төлөй турганын билишпейт. Мен бул өкмөткө таң калып жатам. Иштесеңер иштегиле, иштебесеңер биз барып түшүндүрүп берели. Отурган бутагыңарды кесип, ызы-чуу кылып, элди көтөргөнү атасыңар. "Дордой" менен "Кара-Суу" базарлары кезинде Орто Азияны кармап турган базар болчу. Азыр эми абалын карагыла", - деди Түлөбаев.
Кечээ, 1-декабрда Ош, Талас жана Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чогулушкан. Алар жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышкан. Ушундай эле талап менен Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери да нааразылык акциясына чыгып, иш таштаган. Ал эми Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимин кайра карап берүүнү суранышкан.
Ал арада милиция “Дордой” базарында нааразылык акция учурунда бир адамды жулмалап, денесине залал келтирген деген шек менен бир кишини кармап кеткени маалым болгон.
Буга чейин да ККМ жана эсеп фактураларын колдонууга каршы болгон бир катар соода түйүндөрү жана базарларда иштеген соодагерлер нааразычылык акциясын уюштуруп келишкен.