Газа тилкесинде кайрадан согуштук аракеттер башталып, 200 адам каза болду

Кечээ, 1-декабрда Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер кайрадан жанданып, 24 саат ичинде болжолдуу 200 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, жума күнү эртең менен Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясынын натыйжасында 178 адам набыт болду. Ала эми 589 тургун жаракат алган. Алардын көбү аялдар жана өспүрүмдөр экендиги аныкталды.

"Кечээ, таңда Израилдин коргонуу Армиясы палестиналык ХАМАС кыймылын келишимди бузду деп айыптап, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди кайрадан баштаганын жарыялаган. Ал эми Палестина бийлиги Израилдин мындай агрессивдүү аракеттери үчүн АКШны айыптады",- деп айтылат маалыматта.

Буга карабастан, тараптар ок чыгарууну токтотуу боюнча жаңыдан сүйлөшүүлөрдү улантышууда. БУУ анклавда "гуманитардык цунами" болоорун алдын ала айткан. Анткени ал жердеги эл алсырап, жаңы чакырыктарга туруштук бере албайт.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан