Израиль гуманитардык жүк ташыган унааларды Газага киргизбей баштады

Израиль бийлиги Газа тилкесине гуманитардык жүк ташыган унаалар үчүн өтмөктү жапты. Бул тууралуу WAFA агенттиги Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Израиль тарап гуманитардык жүк ташыган унаалардын Рафах көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирүүсүнө кийинки эскертүүгө чейин тыюу салынганын билдирген. Израиль бийлиги ошондой эле текшерүү пунктунун аймагын Палестина тарапта токтоп турган жүк ташуучу унаалардан тез арада тазалоону талап кылган.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай коому Израиль бийлиги кабыл алган чечим элдин азабын ого бетер күчөтүп, Газа тилкесиндеги кайрымдуулук уюмдарынын ишин кыйындатат деп билдирди.

24-ноябрда Жакынкы Чыгышта элдешүү болгон. Бирок кечээ, 1-декабрда Израиль ХАМАС кыймылын аны бузду деп айыптап, согуштук аракеттер кайра башталганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан