Кытай Улуу Британияга 12 жыл мурун берген эки пандасын кайтарып алды

Кытай 2011-жылы Шотландиянын Эдинбург зоопаркына белек кылган эки панда декабрда мекенине кайтып келет. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбин билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Ван Вэнбиндин айтымында, жаныбарлардын Кытайга кайтарылышы Шотландиянын зоологиялык коому менен Кытайдын жапайы жаратылышты коргоо ассоциациясынын ортосундагы 10 жылга эсептелген келишимдин мөөнөтү бүтүшү менен байланыштуу. Коронавирус пандемиясынан улам бул мөөнөт дагы эки жылга узартылган.

"Британия-Кытай кызматташуу келишиминин жоболоруна ылайык, ири пандалар Ян Гуанг жана Тянь Тянь келишимдин мөөнөтү декабрда аяктагандан кийин Кытайга кайтып келишет", - деген ал.

Вэнбинь белгилегендей, Кытай жаратылышты коргоо жана тукум курут болуу алдында турган жаныбарлардын санынын өсүшүн камсыздоо үчүн башка өлкөлөр, анын ичинде Улуу Британия менен кызматташууну улантууга даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан