SUPER. KG порталы "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын алкагында дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жүргөн мекендештердин бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолу Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон штатында окуп, эмгектенип жүргөн 19 жаштагы Максат Кадырбеков менен маек курдук.
“Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээли төмөн” деген Кара-Көл шаарынын кулуну Максат Кадырбеков, 2004-жылы туулган. Балалык кези Токтогул менен Таш-Көмүр шаарларынын ортосунда жайгашкан Кара-Көл шаарында өткөн. Айтымында кичинекей, бирок абдан ыңгайлуу жер. Максат үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси.
- Алгач сөздү сиз жашап, билим алып жаткен жерден баштасак. Аба ырайы, жашоо шарты кандай?
- Мен жашаган жер Американын штаттарынын бири - Вашингтон штаты. Американын чет жагында Япония тарапта жайгашкан. Бул жакта ар бир штатта өзүнчө аба ырайы болот экен. Көбүнчө жаанчыл келет. Учурда +5 градуска жылуу. Кыш мезгили келип калды эмеспи, бирок бул жактын кышы кар жок, жамгыр менен өтөт. Жашоо шарты жакшы. Вашингтон кымбат штаттардын катарына кирет, бирок эмгек акысы дагы жакшы, саатына 16-20 доллардан башталат. Жайында Кыргызстанга барып 1 ай эс алып келдим, бардык нерсенин баасы көтөрүлүп, абдан кымбаттап кетиптир. Америка андай эмес, жашоосу айлык маянасы менен дал келет.
- Америкага окуу үчүн кандай жол менен бардыңыз? Ким түрткү берди?
- Америкага келүү ушунчалык кыйын деп ойлочумун. Бишкекте окуп жүргөндө дос балам АКШга жиберген компанияга мени менен барып келчи дегенинен жөн эле кошулуп бардым. Барсам ал жакта кыздар, балдар виза алып, эртең Америкага учабыз деп жүрүшүптүр. Кызыктым. Анан компаниянын жетекчиси Нурлан байкеге кирип кененирээк сурасам, ал баарын түшүндүрүп, кыйын эмес экенине ынандырды. Компания менен ошол жерден дароо келишим түзүп, 4-5 ай чогуу даярданып, визага тапшырдым. Окуу тандап, бардык жактан толук жардам беришти. Америка консулдугуна кирип, англис тилинде сүйлөшүүдөн өтүп, визамды алдым. Ошентип 2022-жылы декабрь айында Америкага учуп келдим. Учурда IT тармагында Lake Washington Institute Of Technology колледжинде окуп жатам. Бишкекте англис тил курстарында окуп, “Duolingo” тил тестинен өтүп, бул жакта университеттерге билдирүү жөнөттүм. Анан 3-4 окуу жайга 20-50 пайыз арзандатуу жана стипендия менен кабыл алындым. Стипендияга мектеп бааларым жакшы болгон үчүн илиндим. Окуудан тышкары, официант болуп эмгектенем. Контракт өзүм төлөп, эс алууга да жетишем. Кудайга шүгүр.
- Окуу методдору Кыргызстандыкынан айырмаланабы?
- Ооба, окуу методу эркиндик менен айырмаланат деп ойлойм. Бул жакта мектепте окуучуларга толук эркиндик берилет. Каалагандай форма менен келип, каалагандай окушат. Башкысы окуп, билим алыш керек. Мектепте, колледжде окуучулар мугалимден суранып, артынан чуркап окуйт. Сабакка келгиң келбесе келбейсиң, кааласаң сабак учурунда үйгө кетип калсаң болот. Мугалим эч нерсе дебейт. Эң башкысы теманы түшүнүп, тапшырманы туура аткарып койсоң, ошону баалайт. Бирок бир жаман жери сабакка келбесең коюлган баадан 20 пайыз кемитилет. Ал эми Кыргызстанда тескерисинче го, мугалимдер окуучуга окуп койчу деп суранып, эптеп көтөрмөлөп атып кийинки чейрекке өткөрүшөт. Өз каалоосу менен окугандар азчылыкты түзөт деп ойлойм. Жогорку окуу жайларда болсо сабакка келбей эле акча берип бүтүрүп койгон учурлар дагы болуп калат. Сырттан окуп, диплом алсам эле болду дегендер дагы бар. Билим деңгээлибиз ушул себептен төмөндөйт деп ойлойм. Коррупция жок жерде, өз күчүң менен окуу керек. "Манас", "Ала-Тоо, Борбордук Азиядагы Америка университети же Түрк лицейде окуган балким жакшы болот. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окуп, коррупция көргөн жокмун. Ошол себептен ал жактан күчтүү адистер чыкса керек. Ошондой эле Америкадагы окуунун жакшы жери жумасына 3 күн (дүйшөмбү, шаршемби, жума) күндүзгү саат 9дан 2ге чейин окуйбуз. Ар бир семестрда өзүң каалаган класстарды тандап окуйсуң. Калган күндөрү тапшырма онлайн, ноутбук менен аткарабыз. Окуу жок күндөрү жана окуудан чыкканда иштейбиз. Ал эми дем алыш күндөрү же бир айда эки жолу чогуу жашаган балдар менен тоого чыгып, кооз жерлерге барып, эс алып турабыз.
- Вашингтондон тышкары Американын кайсы штаттарында болдуңуз жана аларды өзгөчөлөнткөн нерселер?
- Вашингтондон сырткары бир жылда Чикаго, Огайо, Филадельфия, Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Сан-Франциско жана Орегон штаттарында болдум. Чикагодо кыргыздар жана кыргыздын ашканалары көп. Ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп турат. Вашингтон болсо студенттердин жана IT адистеринин штаты деп эсептелет. Microsoft, Amazon, Google ачылган жер. Нью-Йорк абдан кооз. Ал жакта брокерлер, бизнесмендер көп. Ал эми Орегон штатында салык жок. Америкада жеген тамагына дагы 5-10 пайыз салык төлөйсүң. Бир гана аталган штатында ал нерсе жок экен. Лос-Анжелес кино тартканга ылайыктуу жай. Голливуд, жылдыздар аллеясы жайгашкан, эс алуучу штат. Алдыда дагы көп жерлерди, кооздуктарды көрүү менен өзүмө жаңы ачылыштарды кылам деген ниетим бар.
- Америкага алгач барганда кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?
- Биринчи жолу өз мекениңден чет жакка чыккандардын бардыгы эле башында кыйналса керек. Менде да андай нерсе башымдан өтпөй койгон жок. Эң эсте калганын айтып берейин. Жаңы келгенде айдоочулук күбөлүк алып, эң биринчи унаамды алам деп карызга акча алдым. Жардам берип, унаа тандашкан адам жок болуп калды. Анан өзүм алыс жактан аны текшербей эле жакты деп алып алдым. Ал кезде 2 күндөн кийин контракт төлөмөкмүн, бирок ал акчаны унаа алганга коротуп койгом. Баягы унаа 3 күн айдагандан кийин жүрбөй калса болобу, мага саткан адам Мексика тараптан эле. Мени "кара тизмеге" салып коюп жок болуп кетти. Кыйналып, иш жок, контракка акча жок отуруп калдым. Анан айла жок ата-энемден 1000 доллар сураганга туура келген. Алар салышкан акчаны окууга төлөйм деп барып, туура эмес банкоматка төлөп алгам. Кыскасы ошол учурда абдан кыйналгам. Азыр аракет кылып жатып, Кудайга шүгүр, баары ордунда. Мындан улам акчаны эң башкысы ойлонуп, жети өлчөп бир кесип, ошол нерсени жасап көргөн адамдан сурап, анан керектүү жакка жумшоо керек экен деп ойлоп калдым. Анан дагы бат чечим чыгаргандан алыс болуш керек экен.
- Англис тилин үйрөнүү оор болгон жокпу?
- Негизи англис тилин оку деп кичинемден эжем көп айтты. Апам "комуз же англис тил, ушул экөөнүн бирөөсүн тандап барбасаң айылга жашайсың" деп коркутса, коркконумдан англис тилге барчумун. Ошол убакта бир жыл барып эч нерсе үйрөнгөн жокмун. Кийин Америкага кызыккандан тарта 1 жыл өзүм барып, бул жолкусунда эч ким мажбурлабай үйрөндүм. Америкадан дагы тилди өөрчүтүп, азыр официант болуп иштейм. Баштагыга караганда жакшы билип калдым. Ошентсе да дагы үйрөнүшүм керек. Америкага көп адамдар белгилүү лицейлерден келишет. Мени дагы кайсы лицейден келдиң деп сурап калышат. Жөнөкөй эле орто мектепти бүтүп келдим десем таң калгандар бар.
- Аракетиңиз жакшы экен. Мотивацияны кайдан аласыз?
- Ата-энемдин кичүү баласы экенимден мотивация алам (күлүп). Апам балдар музыкалык мектепте пианино, хор мугалими болуп эмгектенет. Атам чач-тарач болуп иштейт. Алар “Балам, сен окуйм десең, акча таап беребиз” деп айтышканда, каяктан аласыңар деп таң кала берем. Ата-энемди ушунчалык сыйлайм. Кудайым буюрса, алардын мага кылган мээнетин актайм.
- Кичүүсүмүн деп калдыңыз. Алар Америкадан окуп келүүңүзгө каршылык көрсөткөн жокпу?
- Ушул суроону көп беришет. Алардын жаш курактары азыр 60ка барып калды. Бирок мага жакшы жашоону каалашат. Ошондуктан эч кандай каршылык кылган жок, тескерисинче колдошту. Алдыда ата-энемди Америкага алып келип, эки өлкөдө бирдей жашайбыз деген пландар бар. Негизи бул жакта студенттерге ата-энесин алып келгенге мүмкүнчүлүк бар. Жакынкы пландарда аны дагы ойлонуп койдум. Аларды өзүм карап, өзүм жөлөк болом. Албетте, окууну бүтүп Кыргызстанга кайтам деген ой менен келгем. Бирок 6 ай өткөндөн кийин жайында мекениме эс алганы бардым. Кроссовкилеримдин баары, кийимимдин көпчүлүгү ак түстө (ак түс жагат). Кийип жүргөн бут кийимдерим Бишкектен 2 күндө чаң болуп калып жатты. Түтүн жыттанып, түкүрүнүп, ылай басып жүргөндү көп убакыттан кийин көрүш чынында башкача болду. Башкалар айтса ишенчү эмесмин. Ошондуктан азыр оюм өзгөрдү. Окууну бүтсөм Кыргызстанга барып турам, бирок азырынча бул жакта калам деген ойдомун.
- Демек, Америка жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртүптүр да?
- Ооба, кыйла эле өзгөрттү десем болот. Анткени Америкага келгенге чейин Кыргызстанда ислам динине көп көңүл бурбай эле жүрүптүрмүн. Бул жакка келип, 5 убак намаз окуп баштадым. Кудайга шүгүр, көп нерсени түшүнүп, үй-бүлөмдү баалап, сагынып калам. Америкада акча көп, бирок бакыт сезилбейт. Эмнеге билбейм, балким үй-бүлөмдөн алыс болгонум үчүн ушундай сезиле берет окшойт. Эң башкысы жашоомдогу максатымды түшүндүм десем болот.
- Максаттарыңыз тууралуу айтсаңыз...
- Ар бир адамдын максаты болуш керек. Ошондо жашоого умтуласың. Менин эң негизги максатым - бул жашоону татыктуу адам болуп жашап өтүү болуп турат. Бул үчүн күн сайын каталарымдын үстүнөн иштеп, өзүм менен күрөшүп жатам. Келечекте окууну бүткөндөн кийинки максатым дүйнөлүк IT компанияларда (Amazon, Google , Meta, Apple, Microsoft) иштөө. Азыркы тапта ошол максатыма жетүү үчүн аракет кылып окуп жатам десем болот. Мындан тышкары Software Engineer кызматын аркалаганды да тандап жатам. Алдыда дагы издеп, анализдеп мага туура келген тарабын тандайм.
- Жаңы дос таптыңызбы жана кайсы улуттан? Ал жакта кыргыздар көппү?
- Көп досторду таптым. Көпчүлүгү Кыргызстан кайсы жерде экенин билишпейт. Монголиядан же Кытайдан болосуңбу деп сурашат. Кыргыздардан башка, Африка, Америка, Непал, Мексика, Индус, Түрк өлкөлөрүнөн досторум бар. Кыргыздар биздин штатта аз эле болчу. Ушул жылдын август айынан баштап аябай көбөйүп кетти. Буга чейин Вашингтон штатында 90 пайызы студент кыргыздар эле. Азыркы учурда 50 пайыз иштеген кыргыздар, окугандары, тилекке каршы аз болгону өкүндүрөт.
- Иштеген миргранттар аз болуш үчүн Кыргызстанда эмне жетишсиз деп ойлойсуз?
- Өлкөдө менимче билим деңгээлибиз тардык кылат. Азыркы дүйнөдө болуп жаткан нерсе менен, Кыргызстанда болуп жаткан нерселерди көрсөм, өзгөчө желекти өзгөртөбүз дегенде күлкүм келет. Ар бир иштин башына билимдүү, ой жүгүртүүсү кенен жаштарды коюш керек. Ошондой эле Кыргызстанга адилеттүү соттор, милициялар жана коопсуздукту сактаган жабдуулар керек. Ошондо ар бир жарандын коопсуздугу сакталып, өлкөбүз ишеничтүү мамлекет болмок. Учурда кыздарга, аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулук иштердин орун алышы абдан өкүндүрөт. Мунун баары дин илиминин жана билимдин жок болгондугунан маалым берет.
Америкада негизи эле тартип катуу, мыйзам баарына бирдей иштейт. Тил билсең өзүңдү коопсуз сезесиң. Каражат жагы да ыңгайлуу. Мисалы, бир күн иштеген акчага бир айлык тамак-аш сатып алсаң болот. Мамлекет тарабынан студенттерге жана ишкер болом дегендерге жардам, ошону менен катар ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Америка визаны өнүгөм, күчтүү адис болуп чыгам деген перспективдүү, алдыга умтулган инсандарга берет. Айланаңда күчтүү адамдар менен жүрсөң күн сайын алдыга умтулуп, өскүң келип турат экен.
- Кыргызстанды сагынасызбы?
- Албетте, сагынам. Ата-энем, бир туугандарым, жакындарымды, бала чагым өткөн шаарымды сагынам. Ошол учурда апама, досторума чалам. Мындан тышкары чогуу жашаган балдар менен кыргыз тамактарын жасап же болбосо ашканаларына барып даам сызып жана кыргыз балдар чогулуп футбол ойнойбуз. Мечиттер бар. Ал жакка жума намаз окуганы барып турабыз. Башында 2 ай аябай сагынып жүрүп, бара-бара көнүп калдым.
- Абитуриенттерге кандай кеңеш бересиз?
- Мектепти аяктаганга чейин 7-8-класстан баштап өзүңөр кызыккан тилди үйрөнгөнгө аракет кылгыла. Убакыт болсо IT, спорт, математика, актёрдук жана башка ийримдерине көп баргыла деп кеңеш берет элем. Азыр Америкада билим болсо, тажрыйба болсо көп каражат табасың. Бирок бул нерселер жок болсо, баягы эле колдон келген кара жумушка иштегенге туура келет. Окуучу кезде ушул нерсени билгенде авто-электрик, сварщик, программист сыяктуу курстарга бармак экенмин деп ойлоно берем.
- Жакшы маанайда маегибизди соңуна чыгаралы. Кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
- Чынында кызыктуу окуялар көп эле болот. Америкага жаңы келгенде кассир болуп жумушка кирип калдым. Англис тилим эң жакшы деп кирип алган болчумун. Тургундар келип ар кандай тамактарды, азык-түлүктөрдү сурашат. Бир жолу АКШнын бир жараны келип “Do you have a Chikpeas?" деп сураса түшүнбөй эле “Бизде андай жок” деп койгом. Көрсө алдымда турган горохту (ногут) сурап жаткан экен. Аны кийин билдим. Дагы бирөөсү келип бир нерсе сурады, аны да түшүнбөй андай сатылбайт десем ошол жердин ээси угуп калып, “Бизде бар” деп шаурманы көрсөтүп жатпайбы. Ошондо ал “кардарларды качырбай тилди жакшылап үйрөнүп алчы”, - деп урушкан.
- Максат, убакыт бөлүп кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык. Максаттарыңыз орундалып, ийгиликтериңиз арбын болсун!