Дубайдагы климаттык саммитке барышы керек болгон учак калың жааган кардан улам Мюнхен аэропортунан чыга албай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учак учуп-конуу тилкесинен учуп кете албай, асты көтөрүлгөн абалда калган. Аны куткаруу үчүн куткаруучулар келишкен.
Өлкөнүн экинчи эң көп иштеген Мюнхен аэропорту аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдарды токтотту. Бир күн мурун Германиянын түштүгүндө калың кар жааган. Аталган аймакта коомдук транспорт да токтогон.
Белгилей кетсек, президент Жапаров Дубайда өткөн ушул Дүйнөлүк климат саммитине катышкан.