Зеленськийдин аялы күтүлбөгөн жерден күйөөсүнүн кийинки мөөнөткө шайланышына каршы чыкты

Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин жубайы Елена Зеленськая күйөөсүнүн дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланышын каалабай турганын The Economist басылмасына билдирди.

Украин лидеринин жубайы маегинде Украина Орусия менен болгон согушта жеңишке жетишерин айткан.

"Украина жеңишинен кийин биз күйөөм жана балдарым менен дайыма чогуу жашайбыз. Согуш аяктагандан кийин биз эс алып, бир жакка кетебиз. Бардык жерде чогуу болобуз, төртөөбүз гана. Андан кийин күйөөм экөөбүз мындан ары эмне кылабыз деп ойлонобуз. Анткени мен анын кийинки мөөнөткө же кийинки президент болушун каалабайм, бул мүмкүн эмес. Биз, балким, жаңы нерсени ойлоп табышыбыз керек", - деген Зеленськая.

Жакында эле Володимир Зеленський согуш бүтүп калса шайлоого катышууга даяр экенин билдирген.

"Эгерде 2024-жылы согуш уланып, шайлоо дагы өтсө, мен өлкөмдү эч качан таштабайм", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан