Бүгүн Москвадагыларга унаага түшпөө сунушталды. Себеби

Москванын Транспорт департаменти расмий сайтына 3-декабрда борбор калаанын автожолдорундагы абалдын начарлашы тууралуу билдирүү таратты. Ведомстводон билдиришкендей, жекшемби күнү шаарда калың кар жаайт.

"Синоптиктер 3-декабрда катуу шамал болуп, кар жаашы күтүлүп, ал күн бою улана турганын айтышууда. Муз пайда болушу мүмкүн. Мүмкүн болсо жеке унаа менен шаарды кыдыруудан баш тартып, күндүз коомдук транспортту колдонууну суранабыз", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Ошондой эле аталган департамент айдоочуларга көпүрөдөн жана эстакадалардан чыгууда жана көтөрүлүүдө этият болууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан