НАТО союздаштарын Украинадан “жаман кабарга” даярданууга чакырды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг союздаштар Орусияга каршы согушта Украинаны колдоону улантуусу керектигин айтты. Ал белгилегендей, Украинаны колдоо Түндүк атлантикалык альянстын өзүнүн кызыкчылыгына жооп берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз түшүнүшүбүз керек, эгерде президент Путин жеңсе, Украинаны трагедия күтүп турат. Бирок бул биз үчүн да кооптуу. Андыктан Украинанын аман калышы биздин дагы кызыкчылыгыбызда", - деп баса белгилеген башкы катчы.

Ал ошондой эле акыркы бир нече ай ичинде Украинада олуттуу жылыш болбогонун айтты. Бирок анын айтымында, бул Украинанын куралдуу күчтөрү контрчабуул учурунда эч кандай ийгиликке жетишкен жок дегенди билдирбейт.

Ошол эле учурда Столтенберг Батыштын жетишсиз колдоосунан улам Украинадагы кырдаал келечекте курчушу мүмкүн экенин белгиледи.

"Жаман кабарларга да даяр болушубуз керек. Согуштар этап-этабы менен өнүгүп жатат. Бирок Украинаны жакшы жана жаман күндөрдө колдошубуз керек", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан