Индонезияда Мерапи жанар тоосу атылып, 11 адам каза болду

Индонезиянын Суматра Мерапи жанар тоосу атылып, анын кесепетинен 11 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда аталган өлкөнүн издөө жана куткаруу агенттигинин башчысы Абдул Малик билдиргенин чет элдик басылмалар кабарлады.

Маалыматка ылайык, жанар тоодо жалпы 26 турист болгон, алардын ичинен 14ү табылды. Анын ичнен үчөө тирүү, 11и каза болду. Ал эми 12си дайынсыз болууда.

"Кечээ, 3-декабрда 2 миң 891 метр бийиктиктеги Мерапи тоосу Батыш Суматра провинциясында атылган. Мындан улам бийлик жергиликтүү тургундарга кратерге үч миң чакырымдай жакындоого тыюу салды. Ошондой эле аларга бет каптар берилип, убактылуу үйдө болуу керектиги айтылды", - деди Абдул Малик.

Тиешелүү агенттиктин маалыматы боюнча, Индонезия Тынч океандын "От шакеги" деп аталган жеринде жайгашкан. Ал жерде жалпы 127 активдүү жанар тоо бар.

Белгилей кетсек, буга чейин ноябрь айынын башында Камчаткада Ключев жанар тоосунун атылышы аяктаган. Ал июнь айында башталган.



 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан