Климатологдор Евразияда рекорддук жылуу кыш болорун айтышты

Кытай Илимдер академиясынын Атмосфералык физика институтунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Евразиянын орто кеңдиктеринде жана дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында рекорддук жогорку температура белгиленет. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, Кытайдын климатологдору 2023-2024-жылдардын кыш мезгилинде Жердеги орточо температура рекорддук бийик деңгээлде жогору болорун аныкташкан.

"Окумуштуулар жүргүзгөн эсептөөлөр көрсөткөндөй, Евразиянын орто кеңдиктериндеги көптөгөн аймактарда рекорддук жогорку температура түзүлөт. Ошол эле учурда 95 пайыз ыктымалдык менен Жердин жалпы глобалдык температурасы 2023-2024-жылдардын кыш мезгилинде жаңы рекорд коёт. Өзгөчө Кытайда абанын температурасы катуу көтөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан