Алматыдагы хостелден чыккан өрттөн каза тапкандардын тизмесинде болгон Рамазан Батыралиулы тирүү болуп чыкканын OTYRAR басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20 жаштагы жигит Алматыга жумуш издеп келип, кырсык болгон мейманканада жашап жаткан. Кырсык болордон бир күн мурун атасынын чакыртуусу менен Сарыагаш районуна кеткени аныкталган.
Эске салсак, 30-ноябрда Алматы шаарындагы хостелден өрт чыгып 13 адам каза болгон.