Жалал-Абад шаарына дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган Эл аралык чоң аэропорт курулат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.
УКМКнын төрагасынын айтымында, курулуш иштери келе жаткан 2024-жылы башталат.
“Кудай буюрса, Москва, Дубай, Стамбул болобу, ушул жактан уча турган болосуңар. Москвадан Долбоорлоо институтунан келип изилдеп Көк-Арт өрөөнүнө аэропорт курса болот” деген корутунду чыгарып беришти. 3-4 айда долбоору жасалып бүтөт”, - деди Ташиев.
Ошондой эле ал шаардагы абак да толугу менен буздурулуп, ордуна административдик имараттар, иш-чаралар өтүүчү аянт курула турганын белгиледи. Мындан тышкары, стадион толук реконструкциядан өткөрүлүп, Жалал-Абад облусундагы олимпиадалык резервдеги республикалык колледж ачылары маалым болду.