Орусияда рекорддук кар жаап, 135 миң жумушчу тазалоого тартылды

Орусиянын борбору Москва шаарында кечээ, 3-декабрда жааган карды тазалоо үчүн 135 миңден ашык жумушчулар иштеп жатат. Бул тууралуу мэрдин турак-жай коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү боюнча орун басары Пётр Бирюков билдиргенин басылмалар жазышты.

Анын айтымында, шаарга 12 саат 15 сантиметрге чейин кар жааган. Кечээ, 3-декабрда күндүз үч жолу көчө тазалоо иштери жүрүп, түнү менен уланган. Мындан улам оперативдүү штаб түзүлдү.

"Түн ичинде болжол менен 18 миңге жакын ар кандай техникалар иштеди. Анын ичинде кар тазалоочу жана ташуучу, ошону менен катар ротордук техникалар бар. Шаарды кардан тазалоо иштери күнү-түнү жүргүзүлүп, шаардын мэринин көзөмөлүндө болууда", - деди Бирюков.

Кардын калың жааганына байланыштуу Москванын Домодедово, Шереметьево жана Внуково аба майдандарында 5 учуу каттамы токтотулуп, 35и белгиленген убактысынан кеч учкан.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан