UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор кайрадан талкууга жем таштады.
Ирландиялык мушкер социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөп, өзүн президент деп жазды.
"Ирландия, сенин президентиң" деп жазды Макгрегор ак костюм кийип түшкөн сүрөтүн жарыялап.
Ирландиянын азыркы башчысы Майкл Хиггинс. Ал бул кызматты 2011-жылдан бери аркалап келет. Ирландияда кийинки президенттик шайлоо 2025-жылы өтөт.