АКШда үч эм 93 жашын белгиледи

Америка Кошмо Штаттарында үч эм Ларри Олден Браун, Лон Бернард Браун жана Жин Кэрол Браун 93 жашын белгилешти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, эң кары бир туугандар 1930-жылы 1-декабрда АКШнын Канзас штатынын Калвест шаарында төрөлгөн. Бала чагы Улуу депрессия учуруна туш келген үч эгиздердин эң улуусу Ларри, андан кийин Лон жана Жин. Аларга чейин төрт бала жана бир эже-сиңди болгон. Бирок алардын баары бул дүйнөдөн өткөн.

Үч эм бала кезинен бери чогуу баскетбол, бокс ойногонду жакшы көрүшүп, чоңойгондо аңчылыкка чыгып убакыт өткөрүшкөн.

Бүгүнкү күндө үч эгиз бактылуу чоң аталар. Ларринин үч баласы, сегиз небереси жана 12 чөбөрөсү бар. Ал эми Лондун төрт баласы, алты небереси, үч чөбөрөсү болсо, Жиндин эки баласы, алты небереси жана 10 чөбөрөсү бар. Эмдердин биринчи экөө Миссури штатында, ал эми үчүнчүсү Оклахома штатында жашайт. Алар алыс болгонуна карабастан, мамилелерин өмүр бою жылуу сактап калышкан. Бир туугандардын мындай жылуу мамилеси балдарына да өткөн.

Ларринин айтымында, алардын узак жашашынын сыры тамеки чегүүдөн, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонуудан баш тартуу болуп саналат.

"Биз бир-бирибизге бир тууган эле эмес, дос да болчубуз. Дайыма бири-бирибизди коргоп, кам көрөт элек", - дейт Ларри.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан