Ким Чен Ын Түндүк Кореядагы аялдарды көбүрөөк бала төрөп берүүгө чакырды 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аялдарды өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мүмкүн болушунча көп бала төрөп берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал энелердин 5-чогулушунда айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Ким Чен Ын өз сөзүндө өлкөдө төрөттүн төмөндөшүнө тынчсыздануусун билдирген. Ал көп бала төрөгөн баатыр энелерге, жетим балдарды караган энелерге, Пхеньяндын жана аймактардын аялдар союзунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирген.

"Төрөттүн төмөндөшүнө жол бербөө жана балдарга жакшы кам көрүү – бул биздин милдетибиз. Аны биз энелер менен иштешүү аркылуу чечишибиз керек", - деген Ким Чен Ын иш-чарада.

Муну менен Түндүк Корея лидери төрөт маселесин экинчи жолу көтөрүп жатат. Бул тууралуу ал 2021-жылдын июнь айында Энелер союзунун конференциясында дагы айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан