Кечээ, 16-декабрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун математика жана компьютердик технологиялар факультетинде он күндүк декадага байланыштуу заманбап технологиялардын сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмө “Компьютердин акылы - программага сиңирилген адамдын акылы” деп аталат. Анда студенттер даярдаган акыркы үлгүдөгү технологияларды чагылдырган кереге гезиттер илинди. Мындай иш-чара информатика адистигиндеги эле эмес, башка заманбап технологиядан калбай кызыгып келе жаткан жаш адистердин келечекке багыт алдырат. Көргөзмөнүн жыйынтыгы декаданын аягында чыгарылмакчы. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.