Аскадан секирүү боюнча ышкыбоздор арасында мелдештерге катышкан норвегиялык спортчу Кен Сторнес 40 метр бийиктиктен сууга секирип, өзүнүн дүйнөлүк рекордун жаңылады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Өзүн "акыркы викинг" деп атаган экстремалдык спортчу социалдык тармакка секирүү видеосун жарыялады. Ал 40,5 метр бийиктиктеги жардан секирген. Видеодо Сторнс алгач таш менен музду жарып, андан соң муздак сууга секиргени көрүнөт.
Спортчу буга чейинки рекордду 2021-жылы жайында 31,3 метр бийиктиктен секирип койгон.