Алматыда интимдик кызмат көрсөткөн жайларды аныктоо боюнча жергиликтүү рейддер жүргүзүлгөнүн бүгүн, 5-декабрда Алматы шаардык полициясы кабарлаганын жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, өткөн дем алыш күндөрү Алматыда 13 сексуалдык жай аныкталган. Негизинен боди-массаж салондорунун атын жамынып иштеген жайлардан 51 кыз табылып, алардын 14ү Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары экени аныкталган.