Адахан Мадумаровдун соту 8-декабрга жылдырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча бүгүн, 5-декабрда боло турган сот отуруму 8-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан билдирди.

Мадумаров 2-сентябрда кармалган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия эл өкүлүнө коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон.

Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан