Тайырбек Сарпашев өз сөзүндө Райкан Шүкүрбековдун чыгармачылык мурасынын кыргыз маданияты үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Райкан Шүкүрбеков – тагдыры ары татаал, ары кызыктуу инсан. Ал жаштайынан жетим калганына карабай, сабатсыздыгын жоюп, педагогдук билим алган. Табигат берген таланты жана билиминин аркасында ал орус классиктеринин жана дүйнөлүк адабиятчылардын чыгармаларын которгон. 1959-жылы жазылган көп актылуу “Акындын үмүтү” драмасы Токтогул Сатылгановго арналып, анын чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт”,- деди Сарпашев.
Маараке белгилүү фольклордук топтордун чоң программадагы концерти менен коштолду.