Базарларда дагы 6 айга чейин патент менен иштөөгө уруксат берилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордой" базарынын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов, “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков катышты. Анда соодагерлер салык боюнча жаңы саясатка каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты.
Мамлекет башчы өз сөзүндө өкмөт менен соодагерлерге ортомчу болорун айтты. Ошондой эле ал соодагерлерди көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга көмөктөшүүгө чакырды.
"Базарларда кандай иштеп жатышса, ошондой кылып 2024-жылдын июль айына чейин токтото тургула дедим. Анткени буга салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Мен муну кечээ билдим", - деди Жапаров.
Белгилей кетсек, 29-ноябрдан бери өлкөдөгү базарларда көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга каршы митингдер өтүп жатат.
Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тарта ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда.