Ар бир кыргызстандык өзүнүн аты жазылган унаа номурун ала алат. Бул үчүн 150 миң сом төлөө жетиштүү болот. Мындай билдирүүнү “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рахатбек Мамаев билдирди.
Анын айтымында, унаа номурундагы сандардын ордуна өз атын же болбосо каалаган сөзүн жазып алса болот. Бирок уят сөздөрдү жазганга болбойт. Аны атайын комиссия текшерет.