Депутаттар “Манас” эл аралык аэропортунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Манас” эл аралык аэропортунда көчмө жыйын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, ага депутаттар, "Манас" аба майданынын жетекчиси Манасбек Самидинов жана кызматкерлери катышты.

Иш-чара аэродромду кыдыруу менен башталды. Депутаттар жүргүнчүлөрдү жана учактарды тейлөө үчүн зарыл болгон атайын технология жана жабдуулар, ошондой эле күз-кыш мезгилиндеги аэродромдун иштеши менен таанышты. Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле аэродромдун жасалма учуп-конуу тилкеси, такси жолдору, перрон сыяктуу элементтерин карап чыгышты.

Мындан тышкары Самидинов аэропорттун комплекси менен тааныштырып, эл өкүлдөрүнө жүргүнчүлөр үчүн жаңы унаа токтотуучу жайдын курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Андан соң комитет мүчөлөрүнө "Манас" эл аралык аэропорту ААКнын 2023-жылга карата ишмердүүлүгү жана аны өнүктүрүү пландары тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Талкууда депутаттар жарандык авиация чөйрөсүндө бүгүнкү күндө актуалдуу бойдон калган маселелерге көңүл буруп, анын натыйжалуу иштөөсүнүн жана өнүгүшүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Анда аймактык аэропортторду модернизациялоо жана реконструкциялоо, өлкөнү Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен чыгаруу, аэропорттун инфраструктурасын өнүктүрүү, "Манас" аэропортунда авиациялык хаб түзүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан