Өзбекстанда криминалдык авторитеттерди массалык түрдө кармоо башталды

Ташкентте укук коргоо органдары кылмыштуу топторду аныктоо жана кармоо боюнча масштабдуу рейддерди өткөрүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Сайдазиз медгородок" каймана аты менен белгилүү Саидазиз Сайдалиев кармалды. Учурда "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Маалым болгондой, бул иш боюнча бир нече кылмыш фактылары аныкталган.

"Тактап айтканда, 1987-жылы туулган Сайдалиев Сайдазиз Сайдагламович аттуу жаран өзүнүн чөйрөсүнө спорт менен алектенген бир нече адамдарды чогултуп, бир катар кылмыштарды жасаган. Ал ишкерлерди коркутуу жолу менен опузалап акча талап кылып келген", - деп айтылат маалыматта.

Эртеси Ташкентте “Ташкендик Бахти” жана “Янгиабаддык Бахти” каймана аты менен таанылган 52 жаштагы Бахтиёр Кудратуллаевдин кармалганы белгилүү болду. Ал өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу жана баңгизатын мыйзамсыз өндүрүү, алуу жана сактоо боюнча шектелүүдө.

Мындан тышкары өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелген Шарипов Дилшод Тулкинович (1980-жылы туулган) жана Мирзаханов Анвар Бабаражабович кармалды.

4-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмышка шектүү дагы 10 адам кармалды. Маалым болгондой, алар «өзгөчө ири өлчөмдө опузалап талап кылуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан