Израиль жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды 

Чет өлкөгө чыгууну пландап жаткан Израилдин жарандарына дагы бир сунуш тизмеси берилди. Бул тууралуу маалымат Израилдин Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий сайтына жарыяланды.

"Улуттук коопсуздук комитети дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү саякат эскертүүлөрүнүн деңгээлин учурдагы коркунучтун деңгээлине ылайыкташтыруу үчүн кырдаалды терең изилдөө жүргүздү. Бул аракеттердин алкагында саякат деңгээлин жөнгө салуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат Израилдин Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө.

Батыш Европанын көптөгөн өлкөлөрү (анын ичинде Улуу Британия, Франция жана Германия), Түштүк Америка (анын ичинде Бразилия жана Аргентина), ошондой эле Австралия жана Орусия үчүн саякатка чыгуу эскертүүсү 2-категорияга көтөрүлгөн.

Африканын бир катар өлкөлөрү (анын ичинде Түштүк Африка жана Эритрея) жана Борбордук Азиядагы өлкөлөр (анын ичинде Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан) үчүн саякатка байланыштуу эскертүү 3-категорияга көтөрүлгөн.

Израиль жарандарын зарыл болбосо 3-категорияга кирген өлкөлөргө барбай турууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан