ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайдын тургуну дарыгерлердин иш ордунда жоктугуна нааразы болду

Бүгүн, 6-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы №14 Кайтпас үй-ябүлөлүк дарыгерлер борборунун медицина кызматкерлери иш ордунда жок. Бул тууралуу маалымат окурман тарабынан SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келди.

Окурмандын айтымында, аталган борбордун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иш күнүндө базарлаганы чыгып кетишкен. Ал "Министрлик аларга базарга баргандыгы үчүн эмгек акы төлөйбү?" деп нааразычылыгын билдирип, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылуу жолдоду.

"Мына №14 Кайтпас үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемесинде иштей турган адам жок. Бүгүн "Света" соода түйүнүндөгү базарга бүт баары кетип калыптыр. Биз дарыканадан сурасак дарыгерден сурап алгыла деп чыгып кетти. Бул жерде дарыгер Акбермет Күйүнова. Издеп жатабыз, таппай жатабыз. Жолдош министр бул жер иштейби же жаап коюш керекпи?" деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Министрлик аларга базарга баргандыгы үчүн акча төлөйбү?"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан