Германиялык депутат Родерих Кизеветтер Украинадан келген качкындарды мекенине кайтууга чакырды

Украинадан келген эркек качкындар мекенине кайтып, фронттогу жана тылдагы мекендештерине жардам бериши керек. Бул тууралуу Бундестагдын христиан-демократиялык союзунан шайланган депутаты Родерих Кизеветтер билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматтарга ылайык, учурда Евробиримдик өлкөлөрүндө 600 миңден ашуун украиналык жүрөт.

"Алдуу-күчтүү, аскер кызматын өтөөгө жөндөмдүү украиналык эркектер баш калкалап жүрүшөт. Булар азыр фронтто чоң жардам көрсөтө алышмак. Болбосо "Кызыл чырым" уюмунун уранды тазалоо, өрт өчүрүү иштерине кол кабыш кыла алышмак. Андыктан биз, немецтер да, Евробиримдик жалпы аларды мекенине кайтып, кызмат өтөөгө чакырышыбыз керек", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал украиналык эркектердин саны Германияда эле 220 миңди түзөөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан