Кечээ, 6-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барды. Абу-Дабиге конгонго чейин Путиндин учагын 4 Су-35С истребителдери коштоп барышкан. Бул тууралуу Интерфакс жазды.
"Аталган истребителдер ар кандай класстагы стандарттуу курал-жарактарды алып жүрүшкөн. Су-35С истребителдери Орусиянын аэродромунан оор аба ырайы шартында учуп чыккан. Истребителдерди биринчи класстагы учкучтар башкарып барды", - деген Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Истребителдердин учуусу үчүн учуу маршрутундагы мамлекеттерден атайын уруксат алынган. Алар кайсы мамлекеттер экени айтылган жок.
"Биз бул мамлекеттерге кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деген Песков.