Америкалык ырчы Тейлор Свифт "2023-жылдын адамы" аталды

Time журналы “2023-жылдын адамы” деп америкалык ырчы Тейлор Свифтти тандады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматтарга караганда, кыска тизмеде ырчыдан тышкары Орусиянын жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин менен Си Цзинпин, Улуу Британиянын падышасы Чарлз Үч, OpenAI компаниясынын башкы директору Сэм Алтман, Барби куурчагы, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын сот процесстерине катышкан прокурорлор жана АКШнын Федералдык резерв системасынын төрагасы Жером Пауэлл болду.
"Аткаруучу жана ырлардын автору Свифттин 200 миллиондон ашуун пластинкасы сатылган. 12 жолу "Грэмми" сыйлыгынын лауреаты болгон, American Music Awards сыйлыгын 40 ирет жеңген. Узап бараткан жылы анын популярдуулугу артты. Концерттерден тапкан кирешеси кээ бир чакан мамлекеттердин финансылык көрсөткүчтөрүнөн ашары белгиленет. АКШ экономикасына кошкон салымы (гастролдору өткөн жерлердеги концерттик залдардын, мейманкана, туристтик инфарструктуранын кирешеси) ички дүң өнүмдүн маанилүү бөлүгүнө айланган", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Time журналы "2022-жылдын адамы" деп Украина өлкөсүнүн башчысы Владимир Зеленськийди атаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан