Депутат Жамгырчиевдин соту 18-декабрга жылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча соттук отурум 18-декабрга жылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 7-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдирди.

Буга Жамгырчиевдин жактоочуларынын Конституциялык соттун чечими менен таанышуу үчүн убакыт сураганы негиз болгон. Отурумда прокурор анын ишин кайра тергөө үчүн прокуратурага өткөрүп берүүнү өтүндү, бирок бул боюнча чечим кабыл алына элек.

Депутатка козголгон кылмыш иши 1-декабрда кайра жанданып, соттук отурум бүгүнкүгө белгиленген.

Эске салсак, Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган. Анда судья депутаттын жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган. Чечимге ылайык, Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан