Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов чет мамлекетте жүргөн Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 17-декабрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов чет мамлекетте жүргөн Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2013-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен 529 миң жаран Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал эми 20 жыл аралыгында 450 миң адам Орусиянын жарандыгын алган. "Негизинен мигранттардын көпчүлүгү, тактап айтканда, 52 пайызы Москвада жайгашкан. Учурда Сочиде өтчү Олимпиадага байланыштуу Орусияда мигранттарга талаптар катуу коюлуп жатат",- деди ал өз сөзүндө. Ошондой эле министр 2014-жылдын январынан тартып Орусияда мигранттарга болгон мыйзамдар күчөтүлө тургандыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан