#Азыр. Телеканалда эмгектенген Сюита Соурбаева: "Бардыгын бирдей алып кеткенге аракет кылдым"

SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында телевидение тууралуу кеп кылганы турабыз. Бүгүн, 8-декабрда өлкөдө теле жана радио кызматкерлер өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилеп жатышат. Датаны утурлай 24 жылдан бери теле жаатында эмгектенип, бул тармактын өсүп-өнүгүүсүнө эбегейсиз салымын кошуп келаткан инсандардын бири Сюита Соурбаева менен маектештик. Каарманыбыз теленин түйшүгү жана артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Соурбаева Сюита Оңолбековна УТРКнын саясий-экномикалык жана социалдык багыттагы “Маалымат” студиясынын продюсери, 2019-жылдан 2022-жылдын ноябрь айына чейин “Ала-Тоо24” каналынын продюсери кызматын аркалаган. Билим жогорку, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин журналистика факультетин 2003-жылы бүтүргөн жана 2014-жылы Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун Кыргыз телевидениесинде кабарчылыктан баштаган. КООРТ, Бешинчи каналдарында жөнөкөй кабарчыдан баштап, жооп кызматтарды аркалаган. 2009-жылдын мартынан 2010-жылдын апрель айына чейин УТРКнын "Ала-Тоо" маалыматтык берүүлөр дирекциясынын директору. "Жумакайрык" маалымат-аналитикалык программасынын жетекчиси жана алып баруучусу, "Дидар" программасынын автору жана алып баруучусу болуп эмгектенген. 2010-жылдын 9-августунан 2013-жылдын июнь айына чейин "ОШТВ" ТРКсынын башкы директору кызматын аркалаган. 2017-жылдан 2019-жылга чейин Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси жана маалымат кызматынын жетекчиси болгон.
Каарманыбыздын телеге арнаган эмгеги бааланып бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыган. 2009-жылы өлкөнүн телевидение жана радио берүү тармагына кошкон салымы үчүн президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына татыган. “Түрксой” уюумунун төш белгисинин ээси. Маданияттын мыкты кызматкери.
Ошондой эле бир катар министрлик жана ведомстволук сыйлыктардын ээси. Кытай, Америка Кошмо Штаттарында тажрыйба алмашуу багытында билим алып келген. Индия мамлекетинде ШОС мамлекеттеринин журналисттеринин катышуусундагы чоң масштабдуу таанышуу иш-чарасында катышып, Баку шаарында өткөн түрк мамлекеттеринин медиа өкүлдөрүнүн форумунда УТРКны тааныткан.
- Телеге кантип келип калдыңыз эле?
- Биз бир эле КТРди көрүп чоңойдук. Анда азыркыдай медиа көп эмес, социалдык тармактар өнүгө элек учур болчу. Журналист болом дегендин ар бири КТРде иштөөнү кыялданчу. Менде деле ошондой кыял болгон. Бул жерде иштөө менин окуучулук кездеги кыял болчу, ал ишке ашып бүгүнкү күнгө чейин ушул жерде иштеп келе жатам. КТРдин босогосун мен 1-курсумда аттагам. Башында штаттан сырткары кабарчы болуп балдар редакциясында иштедим. Ал жакта иштеп жүргөнүмдө өзүмдү андай программаларга анчалык жакын эмес экенимди байкап, жаңылыктар бөлүмүнө өтүп кеткем. "Ала-Тоодо" 5-курсту бүткөнгө чейин иштедим. Эртең менен университетке барып, окуудан чыккандан кийин иштеп жүрдүм. Негизги максатым текст жазганды үйрөнүп, эфирге чыгуу болчу. Бирок диплом колго тийгенден кийин мени КТРге жумушка алышат го деп ойлогом, бирок албай коюшту (жылмайып). Ошол кезде жеке каналдар эми ачылып, иштеп жаткан кез болчу. КООРТ деген телеканалга барып, бат эле жумушка алынып иштеп калдым. Арадан 7 жыл өткөндөн кийин мени жумушка албай койгон КТРдин "Ала-Тоо" маалымат аналитикалык программалардын дирекциясына продюсер болуп келдим. Ал учурда коом башка болчу, кабыл алуу башка болчу. Жадакалса журналистиканын багыты да башкача болчу. Кайсы гана телеканалда жетекчилик кызматта эмгектенбейин, ал ишкананын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошкону аракет жасадым. Көптөгөн жаштарды жумушка алып, аларды тарбиялаганга жетиштим. Ошол эле кезде мен эмгектенген каналдардын материалдык-техникалык базасын чыңдап, жаңы багыттагы программаларды көрүүчүлөргө тартуулап, өзгөчөлүк киргизүүгө салымымды коштум деп айта алам. Ар бир басып өткөн жолум мен үчүн сабак болду. Жакшы жумуштар менен кошо кемчиликтер да болду. Иш болгон жерде катачылык кетет экен. Бирок анын баарын кадрдын артында калтырып, кадрда бардыгы таза болуш керек деген нерсени жасадык.
- Азыркы кезде жасап жаткан жумушуңузга токтолсок, сиз жетектеген студиянын ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөшсөк...?
- "Маалымат" студиясына жетекчи болуп келгенден бери анын ишин оперативдүүлүккө, ыкчамдуулукка алып барганга аракет кылдым. Мурда программалар 3-4 күндөп жасалса, азыр бир күндүн ичинде бүтүргөнгө аракет кылабыз. Монтаж жана съёмка иштери ыкчам болуп калды деп айта алам. Ошол эле учурда жаштарды жумушка тартып жатабыз. Анын артында УТРК 10-12 жылга жашарды десем болот. Мурда орто жаш 45-48 болсо, азыр 35-38 жаш болуп калган. Көп жылдар бою жасалбай турган, чоң студияларды жасадык. Биздин программалар жаңы форматта, жаңы студияда чыгып баштады. Биздин компанияда да алгылыктуу жумуштар жасалууда. Биздин кесип ары сыймыктуу ошол эле кезде түйшүктүү дагы. Бир күндө эле 3 саммитти түз эфир аркылуу чагылдырган күндөрүбүз болду. Өлкөдөгү бардык мамлекеттик иш-чараларды, Кыргызстанга келген президенттердин расмий сапарларынын баарын биздин студия түз эфирде чагылдырат.
Мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун камсыздоо Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын негизги милдети болуп саналат. Башкы директордун жетекчилигинде корпорациянын техникалык базасы анализденип, болгон мүмкүнчүлүктөр менен кыска аралыкта эфирдин сапатын жакшыртуу аракети жигердүү башталды. Ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып УТРК SD форматтан заманбап НD форматка кыска убакыттын ичинде өткөрүлдү. Натыйжада элге сапаттуу контент тартууланууда.
- 24 жылдан бери теледе жүрүп эмне таптыңыз?
- Артка кылчайсаң көп окуялар ойго келет. Бирок мен эң башкысы эч нерсе жоготкон жокмун. Журналистикага келип, өзүмдүн эмгек жолумда атамдын атын өчүрбөй сактап калууга жетиштим деп айта алам. Өзүмдү Сюита деген журналист бар деген деңгээлге чыгара алдым (жылмайып). Кудайга шүгүр, үй-бүлөм өзүнүн ордунда, балалуу болдум дегендей. Эмнени кааласам ошол нерсени жасап эле келе жатам. Бирин жоготуп, бирип тапкан жокмун, бардыгын бирдей алып кеткенге аракет кылдым.
- Коомдо журналистиканын бедели түшкөнү боюнча пикирлер бар. Бул боюнча сиз эмне дейт элеңиз?
- Заман, көз караш өзгөрүп жатат. Бирок кандай болгон учурда дагы мен салттуу журналистиканын өкүлүмүн, социалдык түйүндөрдө да өтө активдүү эмесмин. Мен дайыма телевидениенин классикалык түрүн тандап келем. Теленин өзүнүн лексикону, тили жана маданияты болот. Чектен ашып кеткен журналисттерди түшүнө албайм. Журналисттин кадыр-баркын түшүнгөнгө мына ушундай нерселер себепчи болуп жатат. Кийинүү маданияты, боёнуу маданияты, сүйлөө маданияты деген маанилүү нерселерди эске алуу керек. Ошон үчүн мен өзүмдүн жаш кесиптештериме айтам, кеңеш берем, эфирдин нормаларын сактоого чакырып келем.
- Журналист болом дегендерге кандай кеп-кеңешиңизди айтат элеңиз...?
- Журналист болом деген адам биринчи кезекте билимдүү болушу керек, көп окушу керек, дүйнөнү көп таанышы керек, анан албетте, сабырдуу болушу керек. Анткени ийгилик, кадыр-барк бат эле келип калбайт. Бизде көпчүлүк жаштар, акча аз турбайбы деп башка тармакка кетип калып жатпайбы. Бул тармакта өзүңдүн ордуңду таап, аброй күтүү үчүн өзүңдүн ишиңди абдан жакшы көрүшүң керек. Бардык тармактар боюнча маалымдуу болушу керек. Ар кайсы кесиптин ээлери менен сүйлөшө билиш керек. Ошол эле учурда кесибиңди түшүнгөн адам менен үй-бүлө куруш керек деп айтат элем.
- Майрамды утурлай сиздин куттуктооңуз...

- Бүгүн Кыргыз телеберүүсүнө 65 жыл толуп олтурат. Бул жылдар аралыгында канча муун алмашты, теленин мыктылары, эл артисттери, маданияттын мыкты кызматкерлеринин Кыргыз телеси үчүн жасап кеткен эмгеги биз үчүн сыймык жана тарых. Аларды биз эч качан унутпайбыз. Бирок бүгүнкү күндө Улуттук телерадио берүү корпорациясы мезгилден артта калбай, жаңылануу, жакшыруу жана жашаруу доорун баштан кечирип жатат. Өнүгүү жолуна түштү десек болот. Менин ар бир кесипкөй кесиптештериме чыгармачылык ийгилик жана дайыма жаңы дем болуп туруусун каалайт элем. Анткени телевидение дайыма жаңыланууну жана заман менен бирдей болуп турууну талап кылат.

- Маегиңизге чоң рахмат, сыймыктуу ишиңизде ийгиликтер болсун!

Маалымат үчүн: 1958-жылы 194 метр бийиктиктеги телемунарасы менен Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. Телеканалдын статусу мамлекеттик, улуттук, кийин коомдук болуп өзгөргөн. Аталган кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда өкмөттүн №566 токтомуна ылайык бекитилген.

Ал эми 1931-жылы өлкөдө Радио уктуруу боюнча республикалык комитет түзүлгөн. Ошол эле жылдын 19-декабрында алгачкы радиоберүү обого чыккан. Башында радиодогу берүүлөр кыргыз, орус жана дунган тилинде чыгып турган. Кыргыз радиосунун алгачкы кызматкерлери - акын жана комузчу Калык Акиев, музыкант Петр Шубин, дикторлору - белгилүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова, Кыргыз эл артисти Алиман Жангорозова, жазуучу Касымалы Бектенов болгон.

8-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан