Заир Чокоев Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Чокоев бул кызматты 2021-жылдын 5-ноябрынан бери аркалап келген.