10 ай ичинде Кыргызстан менен Орусиянын товар алмашуусу 20 пайызга өскөн

2013-жылы 10ай ичинде Кыргызстан менен Орусиянын товар алмашуусу 20 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Орусиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов билдирди. 

Анын айтымында, 2013-жылдын январь-октябрь айларындагы товар алмашуу 1,8 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп болуп эсептелет. 

“Биздин өлкөдөгү жеке ишкерликтин Кыргызстандын рыногуна чыгуу боюнча кызыгуусу өсүп жаткандыгы кубандырат”,- деди Бельянинов өз сөзүндө. 

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев соода тармагындагы мамилелер Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизерин белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан