Өкмөт башчы: "Кыргызстан менен Бажы биримдиги дүң соода базарындагы позицияны макулдашуусу керек"

Кыргызстан менен Бажы биримдиги экономикалык биригүүгө кирерден мурун дүң соода базарындагы позицияны макулдашуусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. 

Анын айтымында, соода комплекстери маанилүү социалдык-экономикалык орунду ээлегендиктен, алардын иштеши үчүн керектүү чараларды көрүү керек. Максатсыз чечимдер Бажы биримдигине карата терс мамилени жаратышы ыктымал.  

Мындан сырткары биримдикке кирерде эки тараптуу кызматташтык боюнча башка долбоорлор да керек болорун айтты. Премьер-министр эки өлкө 2014-2017-жылдардагы кызматташтык боюнча жаңы экономикалык программаны ишке киргизүүгө катышарын кошумчалады. 

Ошондой эле экономикалык программага актуалдуу долбоорлорду замандын талабына ылайык жаңы деңгээлге көтөрүү керектигин баса белгиледи.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан