Кыргызстанда 10 миңдин тегерегинде Элдик кошуундун мүчөлөрү бар. Бул туурасында Элдик кошуундар биримдигинин 4-съездинде депутат Данияр Тербишалиев билдирди.
Анын айтымында, Элдик кошуундардын негизги максаты - коомдук тартипти сактоо.
“2010-жылдын аягында кошуундардын мүчөлөрүн санаганыбызда 10 миңден ашкан. Алар ыктыярчылар болгондуктан, так санын аныктай албайбыз. Массалык баш аламандыктар болгондо алардын саны өсүп кетет. Бүгүнкү съездге республиканын ар кайсы аймактарынан 650дөн ашык мүчө келип катышты”,- деди Элдик кошуундар биримдигинин төрагасы, депутат Данияр Тербишалиев