Экинчи Элдик курултайда Улуттук кеңешинин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал курултайга баштан-аяк жетекчилик кылат.
Учурда Абдылдаев экинчи курултайдын бүгүнкү күн тартибин бекитти.
Ага ылайык, күн тартиби эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөйт. Экинчи бөлүгү түшкү тыныгуудан кийин башталып, анда аймактардан келген делегаттар баяндарын айтат.
Айта кетсек, курултайдын биринчи күнү жумага туура келгендиктен делегаттар үчүн жума намазын мечитте окуп келүүсүнө атайын автобустар каралды.
Эске салсак, бүгүн, 15-декабрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүүдө. Ага жер-жерлерден келген 700гө жакын делегат катышууда.