Ош. Шаарда Жаңы жыл майрамына карата азык-түлүк бааларынын жогорулоосун алдын алуу тууралуу маселелер талкууланды

Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги астында бардык мекеме-ишканалардын башчылары, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана билим берүү мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда кезектеги аппарат жыйыны өткөрүлдү. Жыйында социалдык экономикалык маселелер талкууланып, Жаңы жылга карата даярдык боюнча сөз болду. Ошондой эле бир нече мекемелерге тапшырмалар берилди. Ош шаардык мэриясынын монополияга каршы жана жөнгө салуу агенттигине атайын тийиштүү топ түзүп, майрамга карата азык-түлүктүн бааларынын кескин жогорулоосун алдын алуу тапшырмасы берилди. Мындан сырткары Ош шаардык социалдык фонддун жана шаардык социалдык камсыздоо мекемелери пенсия жана
жөлөк пулдардын убагында бериле тургандыгын билдиришти.

Ал эми жыйындын жүрүшүндө катышуучулар жаратылыш газынын начар берилип жаткандыгына даттанышты. Алардын айтымында, Кулатов кичи районунда кечке маал жаратылыш газынын берилүүсү таптакыр токтоп калып жаткандыгын айтышты. Газ чарба башкармалыгына аталган көйгөйдү Жаңы жылга чейин чечүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан