Медина шаарында “Кыргызстан - гүлдөрдүн мекени” аттуу кече жана сүрөт-көргөзмөсү өттү

Сауд Арабиянын Медина шаарында 15-декабрь күнү “Кыргызстан - гүлдөрдүн мекени” аталышындагы кече өттү. 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматка ылайык, Кыргызстандын элчилиги уюштурган бул иш-чара Куран жаттоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун колдоосунда өткөн.  

Кеченин жүрүшүндө Кыргызстан тууралуу сүрөттөр жана улуттук буюмдар көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле кыргыз жери тууралуу материалдар араб жана англис тилдеринде CD дисктерде элге тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан