20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан депутаттын коргоо комитетинин штабында саясий ачкачылык жарыялагандар ачкачылыгын улантууда. Алардан бүгүн, 17-декабрда шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев жана бир нече жетекчилер кабар алышты. Ачкачылык жарыялап отургандар вице-мэрге медицина кызматкерлери аларга жакшы мамиле кылбай жаткандыгын айтышты. Вице-мэр алардын сунуш-талаптарын угуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.