Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө” жарлыкка кол койду

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул туурасында КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 17-декабрда билдирди. 

Бул жарлыкка ылайык, Билим берүү фонду “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду” болуп кайра түзүлдү. Фонддун ишмердүүлүгү өлкөнүн гуманитардык, илимий жана кадрдык потенциалын өнүктүрүү демилгелерин колдоого, таланттуу балдарга жана жаштарга даректүү жардам берүүгө жана башка гуманитардык демилгелерге багытталган.  

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан