Тайырбек Сарпашев Сауд Арабияга иш сапары менен жөнөп кетти

Бүгүн, 17-декабрда, КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Сауд Арабияга иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Иш сапардын алкагында Сарпашев Ислам Өнүгүү Банкынын Президенти Ахмад Мохаммед Али Аль Мадани менен жолугушат. Ошондой эле,каржы, жамааттык тейлөө жана кызматташтык тармактарын тейлеген банктын вице-президенттери менен да бир катар жолугушуулар өтөт.

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев Ислам Өнүгүү Банкынын Кыргыз Республикасы тарабынан башкаруучусу.

Мындан сырткары, вице-премьер-министр жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын, Эл аралык Ислам соода-каржылык корпорациясынын жана Ислам тилектештик фондунун жетекчилиги менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан