Кечээ, 21-декабрда Праганын борборундагы Карлов университетинин Философия факультетинин имаратында атышуу болуп, анын кесепетинен 14 адам, анын ичинде кол салган киши набыт болуп, ондогон адам жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Праганын мэри Богуслав Свобода ок аткан адам чатырдан кулап каза болгонун билдирди. Такталбаган маалыматтарга караганда, ал өзүн атып, андан кийин кулаган.
Студенттер менен мугалимдер бөлмөлөрдө жана китепканага жашынып, айрымдары качып, чатырга чыгышкан.
Жеринде полиция кызматынын унаалары, куткаруу топтору, тез жардам унаалары жана өрт өчүрүүчүлөр бар. Куткаруучулар жабыркагандардын жеңил жана оор жаракаттары бар экенин айтышты.
Учурда ок аткан жарандын өздүгү жана бул иштин бардык жагдайлары такталууда.
Полиция Ян Палах аянтынын айланасын толугу менен жапты. Унаа кыймылы токтотулуп, трамвайлар жана автобустар башка каттамдарга багытталды. Аянтка жанаша турган Манес көпүрөсү жабык. Аянтта бир нече жогорку окуу жайлары жана концерттик зал жайгашкан.