Бишкекте тиш доктурга барган наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду  

Тиш дарылатуудан каза тапкан 3 жашар кыздын окуясы боюнча күбөлөр суралууда. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле "милиция кызматкерлерине атайын тапшырмалар берилип, күбө адамдар суралууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин жеке менчик тиш дарылоо клиникасында 3 жашар кыз каза болуп, министр Алымкадыр Бейшеналиев атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан