Мындай маалыматты бүгүн, 17-декабрда ушул ишке тиешеси бар деп айыпталып жаткан медайымдын бир тууганы Нурбек Борбуков маалымат жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө “эжемди бала сатууга катышкан деп айыптап жатышат. Бирок бул тууралуу факт жок. Бул окуя 5-ноябрда болгон. Ал күнү эжем жумушка чыккан эмес. Төрөт үйүндөгү 12 кызматкерден сурашканда баары ал күнү жумуштан менин эжемди көрүшпөгөнүн айтышкан. Учурда бул иш боюнча азыр менин эжем, ымыркайга туулгандыгы туурасында күбөлүк жасап берген Шарапат Мамырканова гана СИЗОдо олтурат. Калганы эркиндикке чыгып, сотту күтүп жатышат. Эмнеге бала уурдаган Нуржан эркиндикте жүрөт? Эмне үчүн врачтын уруксатысыз баланы башка палатага которгон Роза деген кызматкер эркиндикте жүрөт? Мындай тергөө иштеринин одоно мыйзам бузуулар менен алып барып жаткандыгына прокуратура көңүл бурбай жатат” деди.
Адвокат Болотбек Назарбаев “мен териштирип чыктым, ошол күнү күзөттө турган кызматкерлердин бири да менин жабырлануучумду жумуштан көрбөптүр. Муну төрөт үйүндөгү жумуш графигинен да карасак болот" деди.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-ноябрында шаардагы №4-төрөт үйүнөн жаңы төрөлгөн ымыркай уурдалып, ал туура он күндөн кийин, тагыраак айтканда, 14-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан Асанбай кичи районунда жашаган Нуржан Мекенованын үйүнөн табышкан эле.
14-ноябрда "Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдады, уурдоого катыштыгы бар" деп шектелип кармалган Нуржан Макенова, Шарапат Мамырканова менен Бегайым Алиевага "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин СИЗОсуна камалган эле.