Орусиялык режиссёр жана блогер Вероника Косаткина кулак-мурду кесилген кыргызстандык Асель Ногойбева тууралуу кыскача тасма тартты. Тасма блогердин ютуб каналына мындан 10 күн мурда жарыяланган.
Анда мурдагы күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган Асель Ногойбаева аны менен кантип таанышканы жана трагедия менен аяктаган окуянын башталышы тууралуу баяндаган.
"Ал мага биринчи жолу тун уулубузду жуунтуп жатканда кол көтөрдү" деген Асель азыр абакта жаткан мурдагы күйөөсү кайрадан кол тийгизбээрин ойлогонун айтты.
"Ал мага биринчи жолу улуу балабызды жуунтуп жатканда кол көтөрдү. Ал балага көп суу куюп жиберди, мен болсо оройлондум. Ал эми экинчи жолкусу Токмокто болгон. Ата-энебизге жакын көчүп барганбыз. Тун уулум бир жашка толуп, экинчиси 6 айлык боюмда болчу. Эшикке сейилдегени чыккам, короодо бардыгы тааныш кошуналар, классташтарым. Бири-бирибиз менен баарлашып калчубуз. Мен ошол күнү классташымды жолуктуруп, болгону 5 мүнөт сүйлөшүп тургам. Азамат аны көрүптүр. Көрсө, жумуштан келгенден кийин мага көз салып турган экен. Экөөбүз үйгө киргенде ал мени жаакка уруп жиберди. "Эмне үчүн сен классташың менен учурашасың? Эмне үчүн аны менен сүйлөшүп турасың?" деп. Пол линолеум болгондуктан мен тайгаланып, жыгылып түштүм. Ошондо боюмдан түшүп калды", - дейт жабырлануучу.
Ал эми аталаш бир тууган эжеси Диана Елькендин айтымында, ал Аселге болбогон себептерден улам зомбулук кыла баштаган. Мындай көрүнүш экинчи баласы төрөлгөндө да токтогон эмес.
"Биз экөө ажырашат деп ойлогонбуз. Аселди апасы үйүнө алып келди. Бирок ал аркасынан келип, кечирим сурап жалдырады. Ошол кезде алар эки баланын ата-энеси болуп калган. Мындан улам биз балдар атасыз өспөсүн деп Аселди үйүнө жибергенбиз. Бирок күйөөсү зордук-зомбулук көрсөтүүнү улантып жатты. Асель милицияга кайрылган, бирок алар сутка эле кармап коё берип жатышты. Ал келип, кайрадан Аселди коркутуп жатты", - деген Диана Елькен.
Ал мындан 6 жыл мурда Асель күйөөсү менен жашай албасын түшүнгөнүн айтканда аны бир тууган агасы ага Кыргызстанда жашоо коркунучтуу деп Италияга чакырганын кошумчалады.
Асель Ногойбаеванын айтымында, ал күйөөсүн аталык укугунан ажыратып, балдарын өз камкордугуна алуу үчүн тынымсыз үч жумушта иштеген. Батир сатып алууга жана чакан бизнес ачууга акча топтоп, 3,5 жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келет. Анткени балдары мектепке барбастан коркунучтуу шартта жашашкан.
"Мен ал адамга чыдап 12 жыл жашадым. Себеби кыргыздарда турмушка чыктыңбы бардыгына көз жумуп, өмүр бою бир адам менен жашаш керек деген түшүнүк бар. Мындан тышкары мен балдарымдын атасыз чоңоюшун каалабадым. Балдарды өзүм менен бирге алып кетүүгө аракет кылдым. Бирок атасынын уруксаты жок алар чет өлкөгө чыга албайт экен. Ошондуктан өзүм гана кетүүгө аргасыз болдум. Ал мага гана кол көтөрчү, балдарга тийчү эмес. Бирок баары бир коркчумун. Эгерде ал балдарды да урганда мен эч качан калтырмак эмесмин", - деген Асел Ногойбаева.
Мурдагы жолдошу балдар Асель менен чогуу жашаганга макулдугун берген. Аселдин айтымында, башында жашоо өз нугунда баары жакшы өтүп жатты. Кийинчерээк Азамат аны зордуктап, ар кандай сөздөр менен билдирүү жөнөтүп, көчөдөн бычак менен коркута баштаган. "Асель, сени кармасам кескилеп салам" деген үн каттар бар экенин айткан эжеси Диана бир туугандар Аселдикине кезектешип жашап калышканын билдирди.
"Жашоом "чейин" жана "кийин" делип бөлүнүп калды" деген Асель Ногойбаева ошол каргашалуу күндү буулуккан ыйы менен мындайча эскерди.
"Бул окуя 20-сентябрда болду. Мен эки уулум менен жашачумун. Адаттагыдай эле таңкы саат 6:30 турдук, жуундук, тамактандык. Улуу балам чыгып кетти. Мен анын артынан эле чыкмакмын ошондуктан эшикти кулпулаган эмесмин. Мен ваннада чачымды тарап даярданып жаткам, кичүү уулум болсо чоң бөлмөдө кийинип жаткан. Ошол маалда эшик ачылып, Азамат бат жана агрессивдүү кирип келди. Мен ваннанын эшигин жапканга жетишкен жокмун. Ал мени башка эки жолу урганга жетишти. Мен жыгылып түштүм. Ал мени муунта баштады. Мага дем жетпей өзүмдү жоготтум, андан ары эмне болгонун билбей жатып калдым.
Анда-санда Азаматтын үнү угулуп, түш көргөндөй болуп жаттым. Уулумдун ыйлаганы да угулуп жатты, бирок эсимди жыйнай алган жокмун. Качан өзүмө келгенде ашканада дубалда жөлөнүп туруптурмун. Бирок баары башталганда ваннада болчумун. Эки жагымды карасам бардык жер кан, эмне болуп жатканын дагы деле түшүнгөн жокмун. Көп кан жоготкондуктанбы суу гана сурадым. Ошондо ал мага канга боёлгон бир чака суу алып келди, аябай суусап тургандыктан анын баарын ичип жибердим. Ал мага суу бергени үчүн ыраазы болушум керектигин айтты. Андан соң ашканадагы бычактарды алып чыгып, "бул болбойт, бул дагы болбойт" деп жатканда эшиктен милиция кызматкерлери жана кошуна эже кирип келди", - деген ал.
Диана Елькендин айтымында, Аселдин кесилген кулактарынын жана мурдунун эттерин Азамат чөнтөгүнө салып алган. Аны милициялар дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
"Азаматты өмүр бою эркинен ажыратылышын каалайм. Эгер ал 10 же 15 жыл гана соттолсо, бир күнү келип мени өлтүрөт деп корком", - деп жабырлануучу сөзүн жыйынтыктады.