Өлкө башчы Садыр Жапаров "Министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим административдик реформаны андан ары улантуу, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле жер ресурстарын башкаруу, кадастр, геодезия жана картография жаатында натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында кабыл алынган.
Ага ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын базасында Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик) түзүлөт.
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилет:
– кызматкерлеринин тиешелүү штаты, бюджеттик каржылоосу, материалдык-техникалык базасы, тиешелүү филиалдары, функциялары менен;
- Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси, аны Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси деп кайра атоо менен;
- Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы, аны Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы деп кайра атоо менен.
Айыл чарба министрлиги эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги деп кайра түзүлөт.
Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилет.